Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда учурда коомдук-саясий абал туруктуу. Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун коменданты, ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев билдирди. Милиция кызматкерлери жана элдик кошуундар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Ал эми "Кумтөргө" электр энергиясы толук кубаттуулукта берилүүдө. "Эч кандай тынчсыздануунун кажети жок, коменданттык саат киргизүүнүн да зарылчылдыгы жок деп эсептейм",- деп кошумчалады комендант.