2017-жылдын 24-ноябрында Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жаңы президенти катары ишин баштады. Мындан аркы 6 жыл элибиз, өлкөбүз үчүн кандай болору, жаңы президенттин мүнөзү, кыла турган аракеттери, күтүлө турган окуялар тууралуу астролог Жанар Кадыралиев ажонун өздүк астрологиялык картасын түзүп чыгып, ага карап баяндап берди. “Сооронбай Жээнбековдун жылдыз белгиси чаян. Чаян белгисин алып жүргөн миллиондогон адамдар бар. Анын баары бири-бирине окшоп калбайт. Эң негизги мүнөзү – көк, өжөр келишет. Эл оозунда “чаяндар керек болгондо өздөрүн да көмөч казанга кууруп ийгенге даяр” деп айтылып жүрөт”, - дейт астролог.
Жаңы ажонун астропортретин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№787, 1-декабрь, 2017-жыл) окуй аласыз.