Ысык-Көл. Жети-Өгүз районунун айыл өкмөт башчылары аймактагы өзгөчө кырдаал режимин жокко чыгарууну сунушташууда

2-июнь күнү Жети-Өгүз районунун  Кызыл-Суу айылында милиция кызматкерлери бир катар айыл өкмөт башчылары менен жолугушуп, анда болуп өткөн баш аламандыктын келип чыгышы, учурдагы кырдаал жана мындан аркы коомдук тартипти сактоо маселелери талкууланды. Жыйында айыл өкмөт башчылары Жети-Өгүз районунун коменданты Бактыбек Жусубалиевге 10-июнга чейин киргизилген өзгөчө кырдаалды жокко чыгарууну сунушташты. Алардын айтымында, учурда абал турукташты. Комендант муну президентке кабарлай турганын билдирди. Эске сала кетсек, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 27-майда башталган нааразылык акцияларынан улам, өлкө президентинин буйругу менен райондо 31-майда өзгөчө кырдаал жарыяланган болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан