Кытайда 200гө жакын тараканды учакка алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды

Кытайда 200гө жакын тараканды учакка алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Гуанчжоу Байюнь эл аралык аэропортунда көзөмөлдөн өтүп жаткан мезгилде улгайып калган эки түгөй кармалган. Аэропорттун кызматкерлери түгөйлөрдүн чемоданын сканерден өткөзүп жатып ал жакта жандуу таракандар бар экенин байкашкан. Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү чемодандын ичин ачып күмөн жараткан желим идиштин ичинен көп сандаган курт-кумурскаларды табышкан.

Мындай "өзгөчө" жүктү алып өткөнгө аракет кылган түгөйлөрдүн айтымында, алар курт-кумурскаларды жашартуучу жана дарылык касиети бар бет май жасаганга колдонушмак.

Аэропорттун коопсуздук кызматы тирүү курт-кумурскаларды алып өткөнгө уруксат бербей алып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
gute
2017-12-01 17:14:19
Жегени эле алып бара жатышканго. Бир айга жетчу продуктусун алып калышкан турба ))
+3
asil-08
2017-12-01 17:15:27
Аии кыжырым келип кетти
+1
Akjolmaga
2017-12-01 22:38:41
asil-08, кызыксында
+1
islamik
2017-12-01 17:18:30
Милициялар жейт эми
+6
luuntik
2017-12-01 17:34:51
кускунду келтиретго, балким башка мамлекетке алып барып таштап салышмак атайын
-1
Djal1987
2017-12-01 18:03:20
Булар ушуга окшогондорду кобойтуп ар олеого таркатышып дарыларын сатып байыш керек. Бизнес.
+5
Aikoo2014
2017-12-01 18:28:00
Djal1987,

Эмнегедир мендеда ушундай ой калды.
+1
Totyua.71.
2017-12-02 06:08:26
Эми кытайлардын ошонусу эле калды эле,булардын кылбаганы жок..Муну кобойтуп жешет болуш керек...!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан