Бүгүн, 1-декабрь - СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. Өлкөдө ВИЧ инфекциясы менен жашаганын коомчулукка ачыктагандар дээрлик жок. Ушул жылдын сентябрь айында ВИЧ боюнча Бишкекте өткөн конференцияда Бактыгүл Шүкүрова аттуу аял 7 жылдан бери ВИЧ инфекциясы менен жабыркап келгенин айтып чыккан.
Шүкүрова өзүнүн башына түшкөн тагдыры тууралуу SUPER.KG'ге кенен айтып берди.
"Балаң 100 пайыз ВИЧ илдети менен төрөлөт дешкен"
Ал ВИЧ илдетине кабылганын 7 жыл мурун, кош бойлуу кезинде билген. Алгач өзүнүн жанын кыюуну ойлогон. Бирок ошол учурдагы 10 жаштагы кызын жетим калтырууну каалаган эмес.
"Бул учурдан чыгууга мага жолдошум чоң тирек болду. Ал мага “коркпо, бул дартка кабылган адамдар жашайт” деп айтып, курсагымдагы баланы жарык дүйнөгө алып келериме ишендирди. Ошол эле кезде курсактагы бала 15 апталык болуп калганда мага "боюңдан алдырышың керек, алдырбасаң балаң да кандай шартта болбосун 100 пайыз ВИЧ илдети менен төрөлөт" деп айтышты. Бирок баламды жарыкка алып келүү менин каалоом эле”.
Бактыгүл айым ооруга жеңилбей, бул вирус менен кантип жашоо керектиги тууралуу маалыматтарды чогултуп, түрдүү семинарларга катышкан жана бул илдеттеги адамдар менен көп ирет сүйлөшкөн.
"Акырында баланы жарыкка алып келүүнү чечтим. Бирок төрөт үйүндөгүлөрдүн басмырлоосуна туш болдум. Алар "биз сиз үчүн, бала үчүн жооп бере албайбыз, борборго барыңыз” дешкен. Кыйынчылыктарга туш болуп отуруп акырында операция жолу менен көз жардым. Төрөттөн 18 ай өткөндөн кийин биз чыдамсыздык менен баланын анализинин чыгуусун күттүк. Качан бизге балабыздын ден соолугу чың экенин угузушканда жеңилдей түштүк. Азыр ошол кызым 7 жашка толду. Бул биздин жашообуздун жарыгы. Менде ВИЧ болгону менен жашап жатам. Дагы да бактылуу болгум келет. Азыр менин сүйүктүү үй-бүлөм бар. Улуу кызым 18 жашка чыгып, жогорку окуу жайда билим алат. Ал бизге болгон басмырлоону көрүп жүрүп чоңойду, мындан улам юрист болууну тандап алды".
"Биз көбөйгөндөн көбөйүп баратабыз"
“Мен азыр өзүмдү эркин сезем, мага бир нерсени жашыруунун кереги жок. Албетте, биздин өзүбүздүн менталитетибизге байланыштуу ВИЧ илдетине кабылганымды айтып чыгуу кыйынга турду, бирок эми анын баары артта калды. Жакындарым, санаалаштарым, коңшуларым кандай кабыл алат деп көпкө түйшөлдүм. Бирок алар түшүнүү менен кабыл алышты. Тааныштарым, коңшуларым менин илдетке кабылганымды өзүм маек берген телеберүүдөн көрүшкөнүн айтышты. Бирок эч кандай негативдүү ойлору болгон жок. Кызым бала бакчага барганда да ага эч кандай негативдүү мамиле жасалган жок".
Бактыгүл айым өзүндөй болуп бул илдет менен жашагандарга жардам берүү менен алек. Күйөөсү менен биргеликте "Бейтаптардын кеңеши" коомдук бирикмесин түзүшкөн. Алар Кара-Балта шаарында "Өзүңө ишен!" долбоорун ишке ашырып келишет.
“Медициналык мекемелерден илдетти жуктуруп алган аялдар, эркектер, балдар көп. Биз көбөйгөндөн көбөйүп баратабыз. СПИД дартынан улам бүгүнкү күнгө жетпей калган адамдар болду. ЮНЭЙДСтин маалыматына караганда, 2020-жылга чейин каржылоо булагы жеткиликтүү болбосо, бул илдет менен жашаган бир нече миң адам өлүшү мүмкүн. Мен алардын катарында болгум келбейт. Мен жана менин досторум жашоо үчүн күрөшүүгө даярбыз. Баарыбызды 2020-жылдан кийин да дары каражаттары менен каржылоо, дарылоо уланабы деген маселе ойлонтот".
Бириккен улуттар уюму 1988-жылы 1-декабрды СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү деп жарыялаган. Ал эми 1996-жылы СПИДге каршы "Бириккен программа" кабыл алынган. Дал ушул жылы Кыргыз өлкөсүндө СПИДди алып жүргөн эң биринчи учур катталган. 2016-жылы дүйнөдө ВИЧ оорусу менен жашагандардын саны 36,7 миллион адамды түзсө, 2017-жылдын 1-ноябрына карата Кыргыз мамлекетинде 7 миң 803 адам жабыркай тургандыгы белгилүү болгон.