Бүгүн, 3-июнда "Ата Журт" партиясынын өкүлү Нургазы Анаркулов интернет баракчасына илген маалыматына ылайык, ЖКнын абакта отурган депутаты, "Ата Журт" партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев 1-июндан тарта ачкачылык жарыялады. Буга өлкөдө түзүлгөн соңку кырдаал менен бийликтин адилетсиздиги себеп болгондугу жазылган. Камчыбек Ташиев өз кайрылуусунда: "Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад элинин аракети, ой-тилеги менен тилектештигимди билдиремин жана азырынча колумдан келген колдоону көрсөтүп, ачкачылык акциясын жарыялоону туура таптым",- деп билдирген.