Индияда жүргүнчүлөр автобуска жыттанып кеткен байпагы менен түшкөн деп 27 жаштагы жигитти полицияга берди
Индиянын Уна аймагынын полициясы 27 жаштагы Пракаш Кумар аттуу жигитти камакка алды. Чет элдик басылмалардын маалыматында жазылгандай, аны камакка алууга коомдук тартипти бузгандыгы себеп болгон.
Мындан 4 күн мурун Пракаш Кумар Дхарамсал шаарынан Делиге баруу үчүн автобуска отурган. Бирок ал коомдук унаага жайгашары менен бут кийимин, байпактарын чечип салган. Жүргүнчүлөр жагымсыз жытты дароо сезишип, жигитке байпагын баштыгына салуусун айтышкан. Бирок ал жүргүнчүлөрдүн айтканын аткарбай ортодо пикир келишпестиктер жаралган.
Автобусту жагымсыз жыт каптады деген жүргүнчүлөр айдоочунун полиция бөлүмүнө токтоп коюшун өтүнүшкөн жана алар сасык байпактын ээсинин үстүнөн арыз жазышкан.
Кумар коомдук тартипти бузган деп айыпталып камакка алынган. Полициянын айтымында, ал жигит тартип сакчыларына да өзүнүн одоно мамилесин көрсөткөн. Үстүнөн жазылган арызды ал жөнсүз деп билдирип, жүргүнчүлөр жок жерден мени тилдешти деп кайрадан алардын үстүнөн арыз жазган.
Көп өтпөй полиция Пракаш Кумарды шарттуу түрдө камактан чыгарган.
Мындай окуя бизде да болгон, Ош,Бишкек жолунда жеңил авто унаа менен келе жатсак россиядан кайткан тажик жигит, красовкасын чечип алды,байпагы жыттанып түнкү саат үч жарым эле, шофер түшүп бутуңду жуу деп, жуүдурду, ошентип жолубузду уладык Баткенге
+1
Edelveis929317
2017-12-02 19:51:14
aijan.borkoshova,Ош-Бишкек жолунда кетип атып анан бутунун сасыгынан башыңар айланып Баткенге кетип калыпсыңар да э)))
0
sagynbek.apyshev
2017-12-02 21:53:00
Edelveis929317,хаха
0
Ramis.Ramis.kg
2017-12-02 14:45:58
Оштогу индуцтар кир самын жыттанышат
0
daniyar93
2017-12-05 09:06:54
Кызык
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.