Мурдагы муфтий, дин аалымы Чубак Жалиловдун ден соолугу учурда жакшы эмес. Мындай маалыматты кечээ, 3-декабрда диний ишмердин жакын адамдарынын бири билдирди.
"Милициянын мындай мамилесине баарыбыз таң калып жатабыз. Чубак Жалиловдун ден соолугу начарлап кетти" - деди ал.
Буга чейин анын жактоочусу Чубак Жалилов 30-ноябрда Казакстанга дарыланууга бара жаткан жеринен чек арада ага издөө жарыяланганын айтып, үйүнө кайтарышканын билдирген. Кийин Бишкек шаардык милициясы диний ишмерди Ысык-Көлдө ден соолугун чыңдап жүргөн жеринен кармап келишкен.
2-декабрда Бишкек ШИИББинде Чубак Жалилов 6 саат сурак берип, сурактын жүрүшү бийлик өкүлдөрүнө көрсөтүлөт деп баштан аяк видеого тартылганы маалымдалган.
Эске салсак, диний ишмер Чубак Жалилов элден келген суроолорго жооп берип жатып, экинчи аял алганын айткан. Бул маалыматты ал SUPER.KG порталына да тастыктаган болчу.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.