Эң алгачкы смс билдирүү мындан 25 жыл мурун жазылган

Эң алгачкы смс билдирүү качан жазылганын билесизби? Мындан 25 жыл мурун, тагыраагы 1992-жылы 3-декабрда британиялык Нил Папуорт тарабынан жазылган.

Ал аталган өлкөдө кеңири жайылган Vodafone компаниясынын кызматкери болуп турганда эң биринчи смс билдирүүнү өзүнүн жетекчисине жазып, аны Рождество майрамы менен куттуктаган. Бирок жооп ала алган эмес. Себеби ал учурда уюлдук телефондор билдирүү кабыл алганы менен, башкаларга билдирүү жазууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Папуорт текстти компьютер аркылуу жазып, анан жиберген. Бирок кийинчерээк смс билдирүүнү телефон аркылуу жазууга мүмкүн болорун жана өзү эң биринчи аталган кызматты колдонгон адам катары тарыхта каларын ойлогон да эмес.

Ал эми азыркы учурда уюлдук телефон аркылуу билдирүү жазуу бир аз колдонулбай, социалдык тармактар аркылуу билдирүү калтыргандардын саны арбын. Бул тууралуу ал өз оюн айткан.

"Туура, азыр телефон аркылуу билдирүү жазгандардын саны аз. Ошентсе да мындай мүмкүнчүлүк менен колдонгондор да жок эмес. Менин оюмча, бул кызмат дагы көпкө чейин өз ишин уланта берет", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан