Бүгүн, 3-июнда президент Алмазбек Атамбаев "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы өзгөчө абал режимин жокко чыгаруу тууралуу" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган аймакта социалдык-саясий абал турукташып калды. Райондогу маселелерди өзгөчө кырдаалсыз эле чечүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Белгилүү болгондой, өзгөчө абал режими саат 12:00дөн баштап жокко чыгарылат.