Нарында катталган жол кырсыгынан 6 адам жаракат алып, бир адам каза тапты. Кырсык 2-декабрда болгондугун ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, ошол күнү саат 21:49да Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 215-чакырымынын Шопур-Булак тилкесинде Хонда C-RV үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес-Бенц Спринтер унаасы кагышып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришип, алар Кочкор райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Кырсыктан 6 адам жабыркап, 1 адам каза болгон.
Хонда C-RV унаасындагы жүргүнчүлөр:
Мерседес-Бенц Спринтер унаасындагы жүргүнчүлөр: