Бишкек-Алматы жолунда 43 жүргүнчүсү менен бара жаткан автобус оодарылып кетип, 2 адам каза болду. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар өлкөнүн укук коргоо органдарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 4-декабрда саат 08:00 чамаларында Алматы облусундагы Узунагыш айылында катталган. Кырсыктын кесепетинен эки адам каза таап, 10 адам жаракат алып ооруканага жиберилген. Жаракат алгандардын арасында жашы жете элек бала бар.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, автобустун айдоочусу жолдун тайгактыгынан улам унааны башкара албай калган. Автобус Шымкенттен Алматыга бараткан. Учурда кырсык болгон жерде полиция кызматы иш алып барууда.
Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги каза тапкан жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жок экендигин тактап жатканын билдирди.