Мода дүйнөсүндө дагы бир жаңылык. Азыркы учурда көпчүлүк кыздар кирпиктери узун жана көлөмдүү көрүнүшү үчүн жасалма кирпиктерди коштуруп же атайын клей менен чаптап алышса, эми магнит менен чаптала турган кирпиктер жарык көрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, мындай кирпиктер алгачкы ирет АКШда жасалган. Ал 3 түргө бөлүнөт: узун, кыска жана көлөмдүү. Колдонуу жолу эң эле оңой. Тагыраагы 2 кирпикти алып, анын бирөөсүн үстүнө, экинчисин астына жайгаштырып алган соң экөөнүн учундагы магниттерди бириктирүү зарыл. Бул кирпиктер бир канча ирет колдонууга жарайт.
Мындай кирпиктер азырынча Кыргыз жерине жете элек. Сатып алууну каалагандар АКШ же Кытайдын интернет дүкөндөрүнө кайрылышса болот, баасы 55 доллар. Бирок бул кирпиктерди колдонуп көргөндөр жыйынтыгы алар ойлогондой болбогонун айтып, магниттер кирпиктердин жарым учунда гана жайгашкандыктан, толугу менен чапталбай, кирпиктин жасалма экени даана байкалары тууралуу жазышкан.