Ош шаарындагы Амир-Темур кичи районундагы бала бакчанын жанына ымыркайды таштаган адам табыла элек. Мындай кабарды бүгүн, 4-декабрда Ош ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренеси ("Кишини коркунуч абалында калтыруу") менен кылмыш иши козголгон. Учурда баланын энесин издөө иштери уланууда. Ал эми наристе Ош шаардык балдар үйүнө өткөрүлүп берилген, абалы жакшы.
Эске салсак, ушул жылдын 15-ноябрында Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Ош шаарындагы бала бакчанын жанынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы тууралуу кабарлаган. Баланы жергиликтүү тургундар көрүп, милицияга кабар берген. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери ымыркай жаңы эле төрөлгөнүн аныктап, Ош шаардык төрөт үйүнө өткөрүп берген.