Чүйдө изделип жаткан адамдын жансыз денеси табылды. Анын өлүмүнө аялы жана бир туугандары шектелүүдө

Чүй облусунун Жайыл районунда изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылып, анын өлүмүнө шектүү катары өзүнүн аялы жана туугандары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан 4-декабрда кабарлашты.

Маалым болгондой, 24-ноябрда Жайыл РИИБине райондогу айылдардын биринин тургуну арыз менен кайрылып, арызда үч күн мурун 1967-жылы туулган Ж.У. аттуу күйөөсү үйүнөн чыгып кетип ошол бойдон кайрылып келбей калгандыгын, ал белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып кеткенин жазган. РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан оперативдүү-издөө иштери башталып, Кылмыш-жаза кодексинин "адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

"Арыз ээси жана жакындары суракка алынганда алар айыл тургундарынын бирин көрсөтүп, андан шектенип жатышканын билдиришкен. Шектүү катары көрсөтүлгөн адам козголгон кылмыш иштин негизинде кармалган. Бирок арыз жазган тараптын маалыматтары туура келбей жаткандыктан кармалган адам бошотулган. Кийин тергөөнүн жыйынтыгында изделип жаткан жаран каза болгону аныкталып, туугандары анын кайда көмүлгөнүн өздөрү көрсөтүп беришкен. 2-декабрда анын жансыз денеси казылып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча маркум башынан жаракат алып, дене мүчөлөрү сынган. Кылмыш ишине шектүү катары анын 1975-жылы туулган А.З. аттуу аялы жана туугандары кармалды", - деп билдиришти ИИМден.

Окуянын келип чыгышына жубайлардын ортосундагы пикир келишпестик себеп болгон. Кармалгандар Ж.У. спирт ичимдигин көп ичип, тез-тез чуу салып келгенин айтышкан. Жубайлар 10 жыл бирге жашап, балдарды чоңойтушкан.

Учурда тергөө иштери уланууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
engel
2017-12-05 07:33:43
Шумдук эле болуп баратат го бул жашоо! Уй булоодогулор бирине бири кол салган заман болуп. Ата энеси баласына, аялы куйоосуно же тескерисинче. Кудай баарыбызга ыйман берсе экен.
0
Karaan
2017-12-05 08:38:33
Аялы кобра эмес эле киллер экен
-1
Ayida
2017-12-05 08:52:06
Кее бир эркектер тойгузатда.Анан аялдын нерви жукарат анан шайтанга жол ачылат анан жаман ишке барат. Ошол учун намаз окуса ар бир адам шайтанга азгырылбаса жаман иштер болмок эмес.Намаз окубай жургон кезими намаз окуп жургон кезиме салыштырсам озумду намаз окуган миллион эсе жакшы
+10
myrzaym
2017-12-05 09:09:25
Ayida,эн туура айтасын намаз окугандан бери биздин уйдо тынтык ынтымак береке ыроолоп калды арак эч качан жакшылыка алыпбарган эмес
+11
kechirmeni
2017-12-05 09:42:17
Менимче куйоосу ичип келип аялына кол которсо анан аялдын туугандары болушуп кокусунан олтуруп алышкан го
+3
Djal1987
2017-12-05 18:44:08
Куйоосун аялынын нервин соок тазалагандай тазалаган да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан