Бүгүн, 4-декабрда шоу-бизнестин дагы бир өкүлү, ырчы Жоодарбешимдин үйлөнүү тою өтүп жатат.
Жаш ырчылар, достору анын жубайы экөөнө жакшы тилектерин билдиришип, тойдон сүрөттөрдү жүктөп жаткан чак.
Ырчы мырза 5 жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн Аксана аттуу кызга ушул жылдын күз айларында баш кошкон. Аксана жеңил атлетика боюнча Кыргыз өлкөсүнүн бир нече жолку чемпиону.
"Мындан бир жыл мурун атам өтүп кеткен эле. Атамдын жылдыгын бергенден кийин өзүнчө түтүн булатууга кадам таштадым. Келинчегим Аксана дизайнер, модель, спорт чебери, жеңил атлетика боюнча Кыргыз өлкөсүнүн бир нече жолку чемпиону. Чуркоо боюнча 8 жыл машыккан, 30га жакын медалы бар. Оштун Жапалак айылынан болот. Аксана мени боорукерлиги, жөнөкөйлүгү, жан дүйнөсүнүн тазалыгы менен тартып алды", - деген Жоодарбешим.
Ал "Кайнене", "Жаман ойлобо", "Жубайым болчу", "Баары жалган", "Унут мени" жана башка ырлардын аткаруучусу.