Өкмөт Жалал-Абаддагы кырдаалды тынчтык жолу менен гана жөнгө салууну көздөйт
Өкмөт Жалал-Абаддагы кырдаалды тынчтык жолу менен гана жөнгө салууну көздөйт. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр ар бир жарым саат сайын Ош-Бишкек жолу тосулган Барпы айылдык аймагынан кабар алууда. 2-июнь күнү кечинде митингчилер тарабынан тосулган жолдун эки жагында учурда 700дөй оор жүк ташуучу унаа токтоп турат жана алардын саны улам өсүүдө.