Депутат: "Аскарбек Шадиев бир эле убакта депутат жана биринчи вице-премьер болуп эки жогорку кызматта отурат. Анын эмгек акысы кайдан берилери чечиле элек"

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети депутат Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин биринчи вице-премьер-министр кызматына жактырды. Талкууда депутаттар аны эмгек акысы кайдан бериле турганы чечиле электигин сынга алышты.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов: "Сиз жаңы Конституцияга ылайык, депутат да, биринчи вице-премьер-министр да болосуз. Ошондуктан өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосунда көпүрө болуп, кызматташтыктын бекемделишине салым кошуңуз. Керек учурда депутаттардын таламын алып, зарыл болгондо өкмөттү коргоп иштеп бериңиз", - деген оюн билдирди.

Шыкмаматов Шадиевди кызматка дайындоодо мыйзам бузуу болгонун белгилеп, аны жөнгө салуу зарылдыгын өкмөт башчыга айтты. "Айтып коюш керек, мындан кийин мыйзамды бузбайлы. Бул акыркысы болсун. Конституция 1-декабрда күчүнө кирди. Ага ылайык, Аскарбек Шадиев депутат да, өкмөт мүчөсү да болуп баратат. Бирок өкмөт тийиштүү мыйзамдарга оңдоо киргизген жок. Албетте, Конституция баарынан жогору түз ишке ашат. Бирок өкмөт тийиштүү мыйзамдарына оңдоп-түзөөлөрдү киргизип койсо кийин да маселе чыкпайт эле", - деди Шыкмаматов.

Учурда депутат болуп туруп, өкмөт мүчөлүгүнө барган эл өкүлүнүн маянасын каржылоо булагы чечиле электигин депутат Таабалды Тиллаев айтып берди.

"Азыр эле Алмамбет Шыкмаматов мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгын айтты. Бул маселелер ошол өзгөртүүлөр менен ишке ашат. Азырынча эки кызматта отура турган эл өкүлдөрүнүн айлык маянасын каржылоонун эрежелери, жол жоболору иштелип чыга элек. Конституция 1-декабрда күчүнө кирди, жакынкы күндөрү бул маселе жолго коюлса керек", - деди Тиллаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан