КҮНСЕРЕП: Чубак ажы милициянын жардамы менен "ыңгайсыз" абалда калды

Бүгүн, 5-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өлкөдө митингдерди өткөрүүгө салынган тыюу Бишкекте тегерек столдо талкууланды. Укук коргоочулар, жарандык активисттер жана эксперттер Кыргыз жарандарынын тынч митинг өткөрүү боюнча Конституциялык укуктары чектелип, Конституциянын нормалары бузулуп жатканын айтышты.
Эске салсак, быйыл июлда ИИМдин сунушу менен Биринчи Май райондук соту 2017-жылдын 1-августунан 20-октябрына чейин Ак Үйдүн, соттордун, министрликтердин, Борбордук шайлоо комиссиясынын имараттарынын алдында митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салган. Бул чектөө 8-ноябрда сот чечимине ылайык 1-декабрга чейин узартылган. Ошентип бийлик командасы президенттик шайлоодо, шайлоонун эртеси, жаӊы президент кызматка киришкиче Ак Үйдүн, өкмөттүн, БШКнын алдында нааразы топтун кыйкырып туруусунун алдын алышты. Биринчи Май райондук сотунун ал чечими президенттик шайлоого даярданып жаткан талапкерлерде жана алардын тарапташтарында күмөндүү ойлорду жараткан. “Шайлоо күнү жана андан кийин БШК менен Ак Үй жана соттордун имараттарынын алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынып жатса, демек, шайлоо адилет, таза, ачык-айкын өтпөйт, нааразычылыктар жаралат, ошонун алдын алып тыюу салып коёлу деген бийликтин аракетиби?” - деп суроо салып чыгышкан.
Баш мыйзамдын 34-беренесинде "Ар бир жаран тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу" деп жазылган. Өлкөнүн ар бир жараны тынч митинг өткөрүү үчүн бийлик органдарына билдирме бере алат. Берилбеген күндө да митинг өткөрүүгө тыюу салынбай турганы мыйзамда жазылуу. Тынч чогулуштар жөнүндө мыйзамдын 12-беренесине ылайык, тынч митингдерди бала бакча, мектеп, оорукана, электр станциялары, темир жол, кооптуу өндүрүш объекттери, мунай түтүктөрү, түрмөлөрдүн жанынан башка бардык жерде өткөрүүгө мүмкүн. Ушул эле мыйзамдын 15-беренесинде тынч митингдерди өткөрүүгө кандай учурларда тыюу салынары айтылган. Эгерде митинг согушту пропагандалоону, этностук, расалык же диний жек көрүүнү жаратууну көздөсө, улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укуктарын бузууга чакырык жасоону көздөсө, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды жактоону максат кылса мындай митингдерди өткөрүүгө тыюу салынат. Митингдер аркылуу эл өз үнүн бийликке жеткирип, маанилүү маселелер боюнча бийликтин аракет жана чечимдерин көзөмөлгө ала алат. Мисалы, быйыл 16-ноябрда Жогорку Кеӊеште "Кумтөрдө" мөӊгүнү талкалоого жол берген мыйзам каралып жатканда бул демилгеге каршы жарандык активисттер Ак Үйдүн алдына митингге чыгышты. Депутаттарды мыйзамды кабыл албоого, өлкөнүн табигый байлыгын жана экологиясын келечек муундар үчүн да сактоого чакырышып, өкмөткө мыйзам долбоорун артка кайтарып алуу талаптарын айтышты. Коомдук тартипти бузуу же мыйзамда көрсөтүлгөндөй жек көрүүнү жаратуу, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүү өңдүү аракеттер жасалбаганына карабай милиция сот чечимин жүйө келтирип, митингчилерди таратты.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев “6 жылда Кыргыз жеринде митингдер кескин азайып, туруктуулук орноду” деп муну бийликтин эмгеги катары көрсөтүп жүрөт. Жарандардын өз ой-пикирин билдирүүгө эркиндиги Алмазбек Атамбаевдин жеке эмгеги эмес. Кыргыз эли 2002-жылы Аксы окуясында ‎2005-2010-жылдардагы революцияларда кан-жанын курмандыкка чалып жетишкен баалуулуктардын бири. Тилекке каршы, ар бир бийлик элдин бул эркиндигин чектөөгө аракетин токтотпой келет...

Эркектерди эки аял алууга үндөгөн экс-муфтий Чубак Жалилов милиция кызматынын жардамы менен “ыӊгайсыз” абалда калды. Бишкек милициясы аны 2 жолу суракка алгандан кийин "Жалилов экинчи аялым деп атаган адамы аялы эмес, жөн гана сүйүктүүсү экенин айтты. Аны менен жарандык да, расмий да никеси жок экен. Интернетке тараган видеодо эч кимди мыйзам бузууга чакырбаганын билдирди" деп маалымат таратты. Чубак Жалиловду руханий жол көрсөтүүчү катары көрүп, анын айтканы менен жашаганга көнүп калгандар ажынын “сүйүктүүсү” деген сөздү кантип чечмелей турганын билбей бушайман.

Бул билдирүү менен ИИМ миллиондогон адам угуп, көрүп, талкууга алып жаткан видеону бизге каалагандай мааниде кабыл алгыла деп сунуштап жатабы? Жалилов тасмада "экинчи аял алдым, байбичем менен ажырашкан жокмун... колунан келген эркектерди эки аял алууга чакырам..." деп ачык эле чакырык таштаганын коомчулук таптак уккан. Мыйзамга ылайык, кылмыш ишин козгоого негиз бар экенине карабай Жалилов боюнча ИИМ өзүнө жоопкерчилик алуудан качты. Же Чубак Жалилов “аттарын атайм” деген көп аялдуу депутаттар, саясатчылар милиция кызматына ушундай жол таап бериштиби? Экс-муфтийдин мыйзамга каршы үгүтү боюнча жыйынтык чыгаруунун ордуна милиция кызматы “көрсө анын экинчи аялы жок экен, ал жөн гана сүйүктүүсү тура” деп кутулууну туура көрдү. Чубак Жалилов экинчи аялды кыргыздын каадасы менен ата-энесинин колунан алып кеткенин бир катар ММКларга ырастаган.

Бүгүн элге кайрылуу жасаган Жалилов мыйзамга ылайык, эки же андан ашык аялдар бир үйдө чогуу жашашса, чогуу чарба жүрүзүшсө гана көп аялдуулук деп саналарын айтып: "Менин жашоомдо мындай көрүнүш орун албагандыктан бул мыйзам аркылуу мен күнөөкөр эмес экенимди дагы да дааналап билдим", - деп жарыялады.

Ошентип мурунку муфтий көп аялдуулукка гана токтолуп, эркектерди эки аял алууга үгүттөгөнү жөнүндө сөз кылган жок...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан