Бүгүн, 3-июнда өтө турган Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болбой калды.
ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү отурумда Жети-Өгүз районундагы абал тууралуу
жана аталган районго өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо тууралуу президенттин буйругу
каралмак. Жыйындын болбой калышы президент Алмазбек Атамбаев аталган буйрукту
жокко чыгарганына байланыштуу болду.