Сузакта "наристени ысык мешке отургузуп, башын отко кактап, андан соң сабап өлтүргөн" деп шектелген өгөй ата психиатриялык ооруканага жөнөтүлдү

Сузакта "наристени ысык мешке отургузуп, башын отко кактап, андан соң сабап өлтүргөн" деп шектелген өгөй ата психиатриялык ооруканага жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканасы тарабынан жүргүзүлгөн комиссиялык соттук-психиатриялык экспертизанын 2017-жылдын 25-августундагы актысына ылайык, соттолуучу А.У.Т. кылмыш жасоо учурунда ал өзүнүн аракеттерине жооп берип, аларды башкара алган, азыркы учурда акыл-эси соо эмес, психикалык абалы боюнча ал психиатриялык ооруканада күчөтүлгөн режимде байкоо жүргүзүү менен мажбур түрүндө дарыланууга муктаж экени көрсөтүлгөн.

Сузак райондук соту 2017-жылдын 17-октябрында токтом кабыл алып, ал боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кыйноо” жана “Адам өлтүрүү” беренелери менен айыпталган А.У.Т.нын кылмыш иши, ал сакайганга чейин токтотулган. А.У.Т.га карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулуп, Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканасына күчөтүлгөн тартипте байкоо жүргүзүү менен мажбур түрүндө дарыланууга жайгаштырылды. Соттолуучунун бөгөт коюу чарасы өзгөртүлбөстөн камакта бойдон калтырылып, ооруканага жеткирилгенден кийин дарылоо аяктаганга чейин бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп оорукананын шартындагы режимге өткөрүлүүсү көрсөтүлгөн.

Бул токтомго макул болбой соттолуучу А.У.Т.нын мыйзамдуу өкүлү апелляциялык даттануу менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Бирок соттолуучу А.У.Т.нын мыйзамдуу өкүлү облустук сотко арыз менен кайрылып, Сузак райондук сотунун токтомуна карата берген апелляциялык даттануусунан баш тартарын көрсөтүп, даттанууну кароосуз кайтарууну сураган. Жалал-Абад облустук соту 2017-жылдын 28-ноябрындагы аныктамасы менен соттолуучунун мыйзамдуу өкүлүнүн даттануусун кароосуз кайтарды.

Милициянын маалыматына караганда, бул окуя Сузак районунун Кара-Чолок айылында 2013-жылдын март айында орун алган. Шектүү ошол убакта аялы ээрчитип келген өгөй кызы менен чогуу турган. Наристенин кылыктары өгөй атасынын жек көрүүсүнө алып келип, ал кыз ыйлаак болгондуктан аны опузалап сооротуу максатында алгач үйдөгү жылытуу мешиндеги отко башын салып, чекесин жана маңдай чачын күйгүзүп алган.

Кийинкисинде булганып алган Раянаны шымы менен мештин үстүнө отургузуп салып, синтетикалык материалдан тигилген шымы этине жармашып калган. Шектүүнүн айтымында, ооруканага алып барууга акча каражаты жок болгондугуна байланыштуу ага жубайы экөө тиш паста сүйкөп, айыктырууга аракет жасашкан.

Андан көп өтпөй эле мас абалында келген өгөй ата горшокто ыйлап отурган наристени көрүп ачууланып, сыналгынын антеннасынын зымы менен чапканда күйүктөн калган чекесиндеги тырыгы канап кеткен. Аны колу менен бетине уруп, эс-учун жоготкон наристе ур-токмокко чыдабай жан берген. Окуяны жашыруу максатында аялын коркутуп, андан эч кимге айтпоону талап кылган. Арадан эки ай өткөн соң алар ажырашып кетишкен.

2015-жылдын 10-сентябрында Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул окуяга тиешеси бар деп өгөй атасы кармалып, жасаган кылмыш ишин моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Өгөй атасы наристени ысык мешке отургузуп, башын отко кактаганбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
JaneEr
2017-12-05 22:34:00
Астагфирулла!Аллах жазасын берсин!
+1
jili
2017-12-05 23:13:39
Эшек соттор, наристе олтургучо соо журот да андан кийин жинди болуп чыгарып коюшат, акчасын очойтуп оозунардан тыгып башка жеринерге жеткизип салды да. Силерде да наристе балдарынар болсо керек акмактар
+4
nurhan2702
2017-12-07 22:26:53
jili,туура айтасыз
0
Milana.
2017-12-05 23:15:43
эмне эле болуп бара жатат
0
PeRa
2017-12-06 01:04:48
Баласынан да эр артык болуптур да, мешке отургузуп, куйгузгондо эле милицияга кайрылыш керек эле. Байкуш наристе. Журогум ооруп чыкты, окуп алып.
0
dirol
2017-12-06 01:22:48
Телефонго колумду салып мойнун бияка жулуп алгым келди.Жаш бала деген чычат сийетда,озунун башын куйкалаш керек айбандын.докторго барганы акча жок эле дейт дагы придурак арака каяктан таптын.......
0
Aydaykizim
2017-12-06 02:08:21
Мен болгондо озун ыссык мешке отургузуп,башын куйгузуп кормокмун,адамдын жаны кандай гана ширин э,,андай мыкаачыларды эл козуно атып салыш керек..кудай жазасын берсин.бечара кызды элестетип журоогум ооруп кетти.
0
asi.gulum
2017-12-06 02:09:20
Психикалык оорулуу эмес бир жакшына экенго күйөө сөрөй акмак. Соттор адилетсиз чечим чыгарыптыр.
+1
Ayida
2017-12-06 08:30:51
Кана депутаттар?Кана Азиза Абдрасулова?Кана депутат аял?Ушуну кезинде уктунар ушул убака чейин эмне кылып койдунар? Уят бетинер барбы? ??Ушулардын укугун коргобой Чубак ажыга асыласынар?Уят наалат кимдин укугун колдошту билбейсинер ушул жерде корунуп турат динге каршы иш кылганынар.Кимди коргоп кимди кордогонунар
0
portugalia
2017-12-06 12:48:18
Эрге балээ барбы?Ажыраштынбы,балан 16жаштан откончо олуп баратсан да чыкпа турмушка.
0
Asyl10
2017-12-06 14:59:22
Байкуш кыз ай,бир жарым жаштагы наристе эмнени билет, ыйлаак болсо болгондур,тиги зоокур алдап сооротуштун оордуна,ошончо да кыйнайбы. Айбан турбайбы,озун да дал ошондой кылып кыйнаш керек эки бутту макулукту.
0
nurhan2702
2017-12-08 09:07:44
Жашабагыр айбан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан