Ош шаарындагы студенттин өлүмүнө шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралды. Алар 2 ай тергөө абагында отурушат

ОшМУнун медициналык колледжинин 1-курсунун студентин өлтүрүүгө шектүү катары кармалган 6 жигиттин баш коргоо чарасын Ош шаардык соту карап аны өзгөртүүсүз калтырды.

Тактап айтканда, тергөө иштеринин жүрүшүнө байланыштуу шектүүлөрдү 2 айга тергөө абагында кармоо чечими күчүндө калды. Алар жакынкы күндөрү №5-тергөө абагына которулары белгилүү болду.

Ошондой эле эки айга созулган тергөө иши дагы улана турган болсо тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн Ош шаардык соту бул мөөнөттү дагы узартарын Ош ШИИБинин басма сөз кызматы кошумчалады.

Эске салсак, Ош шаарындагы медициналык окуу жайдын 1-курсунун студенти каза болуп, анын өлүмүнө шектелип 6 бала кармалган. Бул тууралуу кечээ, 5-декабрда SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин маалымат кызматы кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jypara1415
2017-12-06 12:19:48
Уккандар барбы Ошто , эмне себептен болгонун ?
0
Altyn10076
2017-12-06 14:23:24
Коркпой эле койгула алтоо акча берип чыгып кетет күнөлү болбой. Бул кыргызстан.
+2
pero123
2017-12-06 17:56:27
эркектин иши эмес эгер чын эле ошондой болсо ХХХХ экен ошол балдар!!
0
pero123
2017-12-06 17:58:29
мен жана радиодон угуп азыр соңку кабарда болсо керек деп атайын издеп окуп атам.радиодо 2 бала эч жерде окубайт 2 ОшТУда окуйт экен деп айтылды.билгендер жазгылачы дагын ОшТУда кайсыл факультетте окуйт экен дагы экөөсү кимдер?6 бала 1 баланы сабаган уят эле эркектин иши эмес ал!!
0
jypara1415
2017-12-06 20:12:05
Анчалык олтургондой , эмне болду экен ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан