Депутат Алтынай Өмүрбекова вице-спикерликтен кете турганын жарыялады

Бүгүн, 6-декабрда парламент жыйынында депутат Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгынан өз каалоосу менен кете турганын жарыялады. Ал жыйында арызын окуп берди.

"Бир жарым жыл мурун вице-спикер болуп шайлангам. Ыраазычылык билдирем. Ишенимиңерди аткарганга аракет кылдым. Кемчиликтер болсо эске алынат. Активдүү депутат болуп, араңыздарда кала берем", - деди Өмүрбекова.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Алтынай Өмүрбекова вице-спикер катары жакшы, калыс иштегенин айтты.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Талант Мамытов Өмүрбековага аталган фракциянын атынан ийгилик каалады.

Депутаттар жыйындын күн тартибине вице-спикерди тандоо маселесин киргизүүнү сунушташты.

Дастан Жумабеков бул боюнча тийиштүү комитеттин чечими чыккандан кийин парламенттин жалпы жыйынында карала турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан