Литвада каза болгон Кыргыз жаранынын туугандары изделүүдө

Литвада киши колдуу болуп каза болгон Кыргыз жараны Николай Хлебаевдин туугандары изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Николай Хлебаевдин сөөгүн мекенине алып кеткенге жакындары табылбай учурда издеп жатабыз. Издөө иштерин биздин элчилик Литванын полициясы менен биргеликте жүргүзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, 4-декабрда Литвада айдоочу болуп иштеген Николай Хлебаев аттуу Кыргыз жараны токмоктолуп өлтүрүлгөнүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкан. Кийин министрлик анын өлүмүнө шектүү кармалгандыгын, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akonia
2017-12-06 12:56:08

Жаман болуптур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан