Жарнамаларда ката кетирилгени үчүн 5 миң сомго чейин айып пул салынып башташы мүмкүн

Кыргыз Республикасында мазмуну боюнча адабий тилдин ченемдери сакталбаган жарнамаларды жайгаштыруу үчүн айып пул салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев ("Ата Мекен") демилгеледи.

Долбоорго ылайык, шаардагы, айылдагы, калктуу конуштарда мазмуну боюнча адабий тилдин ченемдери (алфавит жана орфография эрежелери) сакталбаган жарнамаларды жайгаштырган жарандарга 500-1000 сом, юридикалык жактарга 2000-5000 сом өлчөмүндө айып салынат.

Мындан тышкары жарандардын тарбиялоодо жана окутууда тилди эркин тандап алуу укугун бузган, тилди пайдаланууга тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү койгон, мамлекеттик тилге, ошондой эле Кыргыз Республикасында жашаган улуттар менен элдердин тилдерине тоготпой мамиле кылган, тил жөнүндө мыйзамдарда каралган ченемдерди бузган жана аткарбаган кызмат адамдарына 2000-5000 сом өлчөмүндө айып салуу сунушталууда. Ал эми ушул эле аракеттер үчүн жарандарга 500-1000 сом, юридикалык жактарга 2000-5000 сом өлчөмүндө айып салууга алып келет.

"Республикабыздын шаарларында жана аймактарында көчөлөрдөгү, имараттардагы кулактандыруулар, маалыматтар, мамлекеттик жана жеке ишканалардын аталыштары чар-жайыт жазылып келүүдө. Мындай мүчүлүштүктөрдү ар бир айыл, шаарларда кезиктирүүгө болот. Аларды мыйзам талабына ылайык келтирүү боюнча укукту жергиликтүү органдарга берүү зарыл", - деп демилгесин түшүндүрдү Токтошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
izdeim.seni
2017-12-06 12:59:00
Улуу чептин эч кандай катасы жок экен.
+3
Kattaldym
2017-12-06 13:27:32
izdeim.seni,улуу дубал болот деп ойлошкон го)
0
Best.bakyt
2017-12-06 14:48:21
Kattaldym,"Байыркы дубал"болсо керек да
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-12-06 14:54:02
izdeim.seni, мунун ката жазылганы улуу чел болчу. Оңдогондон кийинкиси
0
Rifle_I
2017-12-06 13:04:12
Башка жарнамаларга да карашсын.
0
Ulanbek1992
2017-12-06 13:04:43
Кинолор кыргызча которулабы бизде? Же кинонун аты элеби?
-1
kechirmeni
2017-12-06 13:09:23
Жакшы идея. А то ката жазуулар аябай көбөйүп кетти
+5
bakyt78
2017-12-06 14:00:40
Созду тузмо-туз которбой, кыргызга тушунуктуу кылып которсо, мааниси тушунуктуу болсо дейм.
0
Bekboloooot
2017-12-06 14:41:22
Улуу сепил болуусу керек.
Улуу Кытай сепили деп айтылатко мына ошол сыңары!
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-12-06 14:53:14
Тууиа кылышкан. Мыйзам ишке кирсин. Азыр кыргыз туруп кыргызча жазылган нерсени түшүнбөйсүң. Себеби мааниси жок которулган.
+1
jbolotov
2017-12-06 19:01:39
Айып пулду 100000 с.кылыш керек. Кайсы олкодо оз тили чулдурап ката жазылсада маани берилбейт? Орусча туура жмес жазсан чуу чыгат билимсиз деп. Оз тилибизди кадырлап которбосок ким которот.
+1
jbolotov
2017-12-06 19:07:26
Атактуу Мицубиши Паджеронун Испанияга сатылуучу туру Монтеро болчу экен, ал соз Испан тилинде уят соз болгондуктан кайра Паджеро деп жазууларын ондошкон экен. Бизда оз тилибизди сыйласак башка улуттар айрым создорго маани берип биздин тилди сыйлап калмак. Мисалга бизде кее бир орус тилдуулор Продаю АвтоМашину дегенди Продаю ## деп жазышып атат. Кыргыз тил маанисин эске алышып билсинда ушундай нерселерди.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан