Ош шаарында бүгүн, 3-июнда 2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу улуттар аралык ынтымакты бекемдеген иш-чара болуп өттү. Иш-чара шаардагы ресторандардын биринен орун алып, укук коргоо органдарынын жетекчилери, облус башчысы катышты. "Эгемендик алган жылдардан бери мамлекетибиз абдан чоң сыноолорду башынан өткөзүп келе жатат. Ынтымактын бузулушунан, туура эмес саясат жүргүзүлгөндүктөн жагымсыз окуялар орун алды. "Кыргыз мамлекети өнүгүп кетсин, жакшы болуп кетсин" деген сыртта бир да мамлекет жок. Биз өзүбүздүн Кыргызстанда жашап жаткан бардык улуттар ынтымакта болуп иш алып барсак, ошондо өлкө элинин ынтымагын бузгусу келген сырткы күчтөрдүн иши жүзөгө ашпайт",- деди облус жетекчиси Сооронбай Жээнбеков. Соңунда иш-чарага катышкан аксакалдарга укук коргоо органдары тарабынан ак калпак, чепкен кийгизилди.