"Ата Мекен" фракциясы вице-спикерликке Сайдулла Нышановдун талапкерлигин көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда SUPER.KG порталына Сайдулла Нышанов өзү билдирди.
Бүгүн депутат Алтынай Өмүрбекова өз каалоосу менен вице-спикерликтен кетти.
Сайдулла Нышанов 1966-жылдын 20-январында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Көк-Алма айылында туулган. Ал 1993-жылы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык дарыгер адистигин аяктаган. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.
- 1993-жылы жеке ишкер;
- 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты;
- 2010-2012-жылдары "Петрол Групп" ЖЧКсынын тышкы башкармалыгынын жетекчиси;
- 2012-2015-жылдары "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;
- 2015 жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.