Жалал-Абад: Митингчилер шаарга кире бериштеги арканы тосууну да пландап жатышат

Жалал-Абадда митинг уланууда. Аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаева билдиргендей, Ош-Бишкек жолу тосулган жерден дагы деле унаалар өтө албай турушат, ал жерде 2 миңдей адам, жүздөгөн унаалар бар. Митингчилер Жалал-Абад шаарына кире бериштеги арканы (сүрөттөгү) тосуу да пландалып жатканын айтышууда. Айта кетсек, митингчилер 2-июнь күнү кечинде Ош-Бишкек жолунун Барпы айыл аймагына караштуу Боз-Чычкан участкасын тосушуп, 2 боз үй тигишкен. Алар 31-майдагы баш аламандыкта өзүн "элдик губернатормун" деп жарыялаган Медер Үсөновдун жана "ата журтчу" 3 депутаттын бошотулушун талап кылышууда.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан