Митингчилер тосуп алган Ош-Бишкек жолунун Барпы айылына караштуу бөлүгүндө 21 жаран дарыгерден жардам алды

Митингчилер тарабынан тосулган Ош-Бишкек жолунун Барпы айыл аймагындагы бөлүгүндө жарандарга медициналык жардам көрсөтүү максатында медицина кызматкерлери иш алып барышууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аларга 21 адам жардам сурап кайрылган. Маалыматка ылайык, алардын көпчүлүгү баштары ооруп жана кан басымы жогорулап кайрылышкан. Медициналык жардамды 1 фельдшер, 2 врач, 6 медайым көрсөтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан