Орусиянын башчысы Владимир Путин 2018-жылы өтчү президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Путин президенттикке талапкерлигин коё турганын Төмөнкү Новгород шаарындагы унаа чыгаруучу заводдун 85-жылдыгына арналган митинг-концертинде жарыялады. "Мындай нерсени жарыялоого мындан да мыкты жер жана себеп табылбаса керек", - деди Путин.
Айта кетсек, Владимир Путин 2000-жылы Орусиянын президенти болуп шайланган. 2004-жылы экинчи ирет президенттикке келген. 2008-жылы президенттик мөөнөтү аяктаган соң өкмөт башчы болуп 2012-жылга чейин иштеген.
2012-жылы (Орусиянын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, президенттин иштөө мөөнөтү 6 жылга чейин узартылган - ред.) Владимир Путин 63,6 пайыз добуш менен кайрадан президент болуп шайланган. Эгер 2018-жылы Путин шайлоодо жеңсе, ал 2024-жылга чейин Орусияны башкарат.