Жалал-Абадда 8-класстын окуучусу асынып алды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 8-классынын окуучусу С.Д. асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 7-декабрда өздүк булактар билдирди. Маалым болгондой, С.Д. 5-декабрь күнү үйүнө келбей издөөгө алынган. Бирок 6-декабрь күнү эртең мененки саат 9:30да аталган шаардагы чоң атасынын үйүнүн маңдайындагы газ түтүгүнө асынган абалда табылган.

"Баланын өз жанын кыюуга мектептеги жогорку класстын окуучуларынын акча талап кылуусу түрткү болгон деп жатышат. Бул туура эмес. Бала бир күн мурун атасынын унаасынан анын уруксаты жок 20 сом алып алган. Бирок ал акчага дептер сатып алганын айткан экен. Ошентип 5-декабрь күнү сабакка кетип кайрылып келбегендиктен атасы мугалимдерине, жакындарына телефон чалып издеп баштаган. Ал күнү таппай коюшуп, эртеси эртең менен чоң атасынын үйүнүн маңдайындагы газ түтүгүнө жип байлап муунган абалда табышкан. Ал жерге прокуратура жана милициянын кызматкерлери келди. Бирок ата-энеси соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартып, доо-арызы жоктугун билдирди", - деди өздүк булак.

Маркум окуучунун сөөгү бүгүн жерге берилет. Ал үйдүн улуу баласы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Boroborodach
2017-12-07 10:53:31
Астагфируллах. Аллахым озун кечире кор
+4
arzygulR
2017-12-07 12:26:12
Жайы жанаттан болсун
+3
Biinura
2017-12-07 12:44:32
Анча-мынча баламы какыс-кокус кылчуум. Ушундай окуяларды окуй берип коркуп калдым.
+2
nurhan2702
2017-12-07 12:46:36
Ии кудай сактай кор. Жондон жон жаш бала суицидге барбайт, ошо чон класстын балдары акча талап кылганы чын болуш керек. Жакындарына сабыр тилейбиз. Жайы жаннатта болсун
+5
Nanei
2017-12-07 17:59:18
20сом учун жанын кыйбайт ко.
+2
gulanda92
2017-12-07 21:33:08
кайсыл мектепте окуучу экен?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан