Бүгүн, 3-июнда парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны болбой калды. Себеби кворум жок болуп калды. Бүгүн күн тартиби боюнча “Манас” аэропортундагы АКШнын жүк ташуучу транзиттик борбору боюнча келишимди денонсациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралмак. Жыйынга аталган комитеттин төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина дагы келген эмес.