“Азыркы кезде Жалал-Абад шаарынын жана облустун аймагында кооптонууга негиз жок. Бардык учурда милиция кызматкерлери тартипти коопсуздукту көзөмөлдөп жатышат”. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров 3-июнда билдирди. Учурда коомдук коопсуздукту сактоодо милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Тосулган Ош-Бишкек жолун ачтыруу боюнча митингчилердин лидерлери менен сүйлөшүү иштери жүрүп жатат.