Кадамжайдагы көмүр казуу шахтасында бир адам каза болду

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы №5 көмүр казуу шахтасында Жээнбек К. аттуу жаран каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 6-декабрь күнү саат 10:00 чамасында 1993-жылы туулган Жээнбек К. белине кур (трос) байлап алып шахтага түшүп бара жаткан учурда куру үзүлүп, 15 метр бийиктиктен түшүп кетип каза болгон. Маркумду шахтадан агасы алып чыгып Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына жеткирген.

Учурда каза болгон жарандын сөөгү Кызыл-Кыя шаардык өлүк сактоочу жайында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Omuur94
2017-12-07 15:11:24
Тирилик деп журуп эээх...
Аман эле бололучу,особенно Россияда жургондор.
+2
Sagyn.91
2017-12-07 15:14:51
Эхх, кырчындай жаш курагында 10 гулунун бир гулу ачыла элек каза болгону кимди гана окундурбой койбойт. Кардын жаашы мн уй булосун комур мн камсыз кылайын деген ак ниеттер менен барды эле да. Белиндеги курдун узулуп кетээрин билгенде кана!

Чар жайыт ачылып жаткан шахталарды козомолдоп жаап салыш керек. Канчалаган киши шахтадан каза болот!

Кыргызстан жок дегенде калкын ушул комур мн камсыз кыла албаганы окунучтуу! Канчалаган шахталар жатат, иштетилбей, ишке киргизип кал
+2
Sagyn.91
2017-12-07 15:17:52
Sagyn.91, Калкка комурдун баасы арзан сатылып турганда ким эле албайбыз десин. Комурдун баасы асманга чыгат, ызгардуу кышта.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан