Ысык-Көл. Караколдо айыпталуучунун катылган ок атуучу куралы табылды

Ысык-Көл облусунда "Арсенал" ыкчам иликтөө иш-чарасынын алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери Каракол ИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери менен бирдикте ок атуучу куралдар сакталган жайды табышкан. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук ИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов маалымдады. Каракол шаарынын бир көчөсүндө курулушу бүтө элек үйдөн 16 мм калибрдеги кесилген мылтык жана бытыра дүрмөтү табылган. Катылган ок атуучу курал кылмыш жасаганы үчүн камалып, тергөөдө жүргөн Ак-Суу районунун тургунуна тиешелүү экени белгилүү болду. Ошол эле күнү "Арсенал" ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Ак-Суу ИИБинин аймактык инспекторлору Ак-Суу районунун Энчилеш айылынын тургунунун үйүнөн 5,6 мм калибрдеги ТОЗ-8 мылтыгын табышкан. Мыйзамсыз сактоодо жүргөн ок атуучу куралдар алынып, бул факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан