Кадамжай районунда жол кырсыгы катталып эки адам каза болду

Кадамжай районунда эки унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталып эки адам көз жумду. Кырсык бүгүн, 7-декабрда саат 13:50дө болгон. Окуя Кадамжай-Бүргөндү жолундагы Халмион айылында катталып Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаа менен Дэу Тико унаасы сүзүшкөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаалар сүзүшкөндө эки адам катуу жаракатынан улам ошол жерден каза болушкан. Алардан тышкары үч адам ооруканага жеткирилгенин кырсык болгон жердеги ыкчам топтун кызматкерлери билдиришкен. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн аты-жөндөрү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurmat92
2017-12-07 22:51:30
Эмне кырсык бизди минип алганбы же биз кырсыкты минип алганбызбы? Улам эле жол кырсыгы катталды мынча киши каза болду деп атышат? Ээ айланайын айдоочулар 180 ди баспай 40 менен эле айдагылачы. Кыбыраган кыр ашат дейт кыбырасаңар да аман эсен жетесиңер бара турчуу жериңерге
+1
bakulya2015
2017-12-08 20:42:54
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Эжейлерибиздин куноолорун Аллах кечирип бейишинен орун берген болсун. Жакшы эжейлер болчу. Жакындарына сабыр берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан