Турсунбек Акун: "Ташиев менен жолугайын деп барсам болбой койду, абалы оор экен"

1-июнда ачкачылык жарыялаган депутат Камчыбек Ташиевдин жана дарыланып жаткан Садыр Жапаровдун абалы оор экенин акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Айтымында, Ташиев эч ким менен жолугууну каалабай жатат. “5-10 эле мүнөт болду абалын билейин деп барсам "жолукпайм" деп койду. Абалы оор экен, жолугууга келгенге баса албаса деле керек”,- деди Акун. Ошондой эле УКМКнын ооруканасынан операция жасаларда депутат Садыр Жапаровду кайрадан СИЗОго алып келип коюшканына нааразы экенин билдирди акыйкатчы. “Акыйкатчы катары бул нерсеге мен каршымын. Ал эми Ташиев болсо "ачкачылык жарыялоону токтотпойм" деп жатыптыр,  эгерде ушул бойдон ачка отура берсе ден соолугуна өтө чоң коркунуч туулат”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан