"Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" мыйзамына кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев “Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө” техникалык регламент” мыйзамына кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 18-апрелде кабыл алган. Бул мыйзам жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, керектөөчүлөрдүн укуктарын маркалоо процессинде аларды адаштырууга алып барган иш-аракеттерден коргоого багытталган. Мыйзам аларга карата маркалоо жөнүндө милдеттүү талаптар белгиленген техникалык жөнгө салуунун объектилерин, техникалык жөнгө салуунун объектилерин идентификациялоонун эрежелерин, тамак-аш азыктарын маркалоого жана аны белгилөөнүн эрежелерине карата милдеттүү талаптарды тамак-аш азыктарынын ушул мыйзамдын талаптарына ылайык келишине баа берүүнүн эрежелерин жана формаларын карайт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 12 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан