Орусиянын Самара облусунда эки оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Алардын Кыргыз жарандары экени айтылууда

Орусиянын Самара облусунда эки оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен болгон. Анда Урал үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыгып, Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен окуя болгон жерден Volvo'нун айдоочусу жана ичиндеги бир жүргүнчү жан берген. Ал эми эки жүргүнчү жана 4 жаштагы бала "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилген.

Айрым маалымат каражаттары, Volvo'нун ичиндегилердин баары Кыргыз жарандары экенин жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
grace
2017-12-07 23:02:26
Кайран кыргыздарым ай, не болуп кетти. Арты кайырлуу болсун.
+4
Nibiru.
2017-12-07 23:32:32
Кыргызстандагы жетпей жаткансып,ошол жактагы калды эле да. Тиги шумшук да ошончо машинадан биздин жарандарга келгенде каршыга чыкканын карасан. Ото окунучтуу. Арты кайырлуу болсун. Жакындарына сабыр тилейм.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан