Орусияда 9 жашар бала 3 бир тууганын өрттөн сактап калды. Ал апасын куткарууга жетишпей калган

Орусиянын Смоленск облусунда 9 жаштагы бала 2 инисин жана 1 карындашын күйүп жаткан үйдөн сыртка алып чыгып, аман алып калды. Мындай маалыматты жергиликтүү маалымат булактары аймактык Тергөө комитетинин өкүлдөрү берген маалыматка таяп жазды.

Тестиер бала апасын куткарууга үлгүрбөй калган. Натыйжада ал каза болгон. Апасынын күйүп же түтүнгө ууланып каза болгону боюнча так маалыматтар жок. Анын өлүмү тууралуу тергөө жүрүүдө.

Тилсиз жоо 7-декабрь күнү эртең менен жеке менчик үйлөрдүн бирин каптаган. Жолдон өтүп бара жаткан милиция кызматкери жалын каптаган үйдүн алдында 3 жаш баланы жана 1 кичинекей кызды көргөн. Алар жука кийимчен, жылаң баш көчөдө турушкан. Куткарылган кичине балдардын эң кичүүсү 10 айлык болгон. Алар кырсыкка күбө болгон милиция кызматкерине окуяны айтып беришип, үйдүн ичинде апасы калып калганын кабарлашкан. Милиция кошуналарынын бири менен аялды куткарууга аракет кылышып, бирок түтүндөн аны таба албай коюшкан. Өрт өчүрүүчүлөр келип үйдү өчүргөн соң, 30 жаштагы 4 баланын апасынын жансыз денесин алып чыгышкан.

Балдарды "Тез жардам" бригадасы алып кеткен. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
RusMos76
2017-12-08 08:45:26
Герой.
+6
datkayimjan
2017-12-08 09:00:43
Бечаралар жетим калышыптыр да
+10
maks94.kb
2017-12-08 09:09:04
Өкүнүчтүү
+8
nurhan2702
2017-12-08 10:38:33
Байкуштар энесиз калыптыр да. 9 жаштагы бала акылдуу экен, уч бир тууганын сактаганга аракет кылыптыр.
+8
Baku88
2017-12-08 11:49:41
Азамат келечекте мыкты инсан болуп чоңойсун
+8
astra.98
2017-12-08 13:45:39
Азаматолугу бала экен. Аллахым мындан ары да сага жардам берсин. Инш Аллах
+6
Abdumital
2017-12-08 21:15:59
Ох ох аттин ай 10 айлык наристе кантет эми энесиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан