Жалал-Абад: Митингчилер шаардын курорт тарабынан Ош-Бишкек жолунун тосулган аймагына өткөн жолду да тосуп салышты
Аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаеванын айтымында, Жалал-Абаддагы "ата журтчу" депутаттардын тарапташтары шаардын курорт аймагынан Ош-Бишкек жолунун тосулган аймагына өтө турган жолду да тосуп салышты. Унаа өтүүчү жолго дарактарды кыйып кулатып салышыптыр. Буга байланыштуу шаар тургундары да Ош-Бишкек жолу тосулган Боз-Чычкан участкасына аталган аймак аркылуу өтө албай калышты. Ал эми чогулгандар таркай элек.