КҮНСЕРЕП: Дежавю. Бабановго Текебаевдин күндөрү келди

Бүгүн, 8-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Атыр Абдрахматова Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары кызматынан бошотулду. Чечим БШКнын бүгүнкү отурумунда көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Аны кызматтан төмөндөтүүгө "Абдрахматова президенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө БШКнын башка мүчөлөрүнүн аброюна шек келтирди" деген кеп шылтоо болуп берди. Абдрахматова "Мен чындыкты, мыйзамдуулукту, бейтараптуулукту талап кылам. Ким кайсы партия, кимдин тууганы же досу болбосун бардык учурда мыйзам так аткарылыш керек. БШКнын ишмердүүлүгү эл үчүн, таза, ачык жүргүзүлүшү керек деген позициям үчүн мени кетиришти. Бул көпчүлүктөн башкача ой жүгүрткөндөргө куугунтук", - дейт. Эми ал БШКнын жөнөкөй мүчөсү болот.

Абдрахматова БШКга "Республика-Ата Журт" фракциясынын квотасы менен барган. Аны төрага орун басарлыгынан түшүрүү аракеттери жүрүп жатканы жыл башында эле социалдык түйүндөрдө айтылып, кайра токтогон эле. Президенттик шайлоо учурунда БШКнын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү көз жумуп жаткан кемчиликтерди, үгүт кампаниясындагы мыйзам бузууларды, талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй жатканын ачык айтып бийликке жаман көрүнгөн БШКнын 12 мүчөсүнүн бири болду.

БШК 2017-жылдын август айында камактагы Өмүрбек Текебаевди президенттик шайлоого карата тил сынагына киргизүүгө шарт түзүп берүү өтүнүчүнөн баш тарткан. Абдрахматова Текебаев сынакка катышышы керектигин, БШК өзүнүн укуктарынан аша чаап жатканын айтып чыккан. Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартуу маселеси каралганда БШКнын 3 мүчөсү - Атыр Абдрахматова, Гүлнара Журабаева жана Назарали Арипов каршы добуш беришкен. 20-сентябрда Абдрахматова БШКда өз оюн эркин айткан, бийликке жакпаган позицияга ээ БШКнын мүчөлөрү өгөйлөнүп жатканын айтып чыгып, кесиптештерин президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүүгө чакырганы да эсте. Президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарган БШКнын протоколуна Абдрахматова менен Журабаева кол коюудан баш тарткан. Кыскасы, Абдрахматова жана Журабаева өӊдүү БШК мүчөлөрү президенттик шайлоодо бийликке, анын ичинде БШКнын төрайымынын алкымына турган сөөк болушту. Шайлоодо бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков жеӊип чыкты, эми жасаган иш-аракетине жараша эсептешчү маал келди. Бирөөлөр сыйлыкка татыса, айрымдар минтип креслодон ыргытыла баштады.

2016-жылы Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин тиреши күч алганда "Ата Мекендин" квотасы менен мамлекеттик кызматта турган кадрларды иштен алуу толкуну каптаган. Мисалы, кыска убакыттын ичинде Канатбек Азиз Мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын орун басарлыгынан алынса, Айбермет Кутуева юстиция министринин орун басары кызматынан бошотулган. Дагы бир "ата мекенчи" Кудайберген Базарбаев социалдык өнүгүү министри кызматынан кетти. Бул өңдүү мисалдар көп. Ошол учурда Бабанов баштаган "республикачылар" оппозицияда турса да бийликтин бул аракеттерине сын айткан эмес. Жыл айланбай "ата мекенчилердин" абалы "бабановчулардын" башына келди. Бабанов өзү Жогорку Кеӊештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидерлигинен кетти, Бабановдун ишенимдүү өкүлү Алтынай Өмүрбекова вице-спикерликтен түштү, РАЖдын өкүлү Бишкек шаардык кеӊешинин төрагалыгынан ыргыды, бүгүн Абдрахматова БШКнын төрагасынын орун басарлыгынан кетирилди. Ошентип бийлик 1 жыл мурун катарын "Ата Мекенчилерден" тазалаган өңдүү эми "бабановчулардан" арылуу аракетине өттү...

Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президент Алмазбек Атамбаевге сый-урмат көрсөтүү жарышына чыгышкан өңдүү. Буга чейин "Ата Мекенчи" депутат Сайдулла Нышанов Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берели деп сунуштап чыкса, эми "Бир бол" фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна Алмазбек Атамбаевдин ысымын берүүнү сунуштады. Сунушту колдоого алгандар да, Жумалиевди "кошоматчы" атап сындагандар да бар.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү трассасы курулуп бүтө элек, 2020-жылга барып бүтөрү айтылып жатат. Азыркы тапта жолго ат коюуга караганда өтө көп кредиттик акча коротулуп жасалып жаткан жолду талапка ылайык куруп бүтүрүү, пайдаланууга берүү иши маанилүү. Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы келишим 2013-жылы ратификацияланып, жол 5 жылда курулуп бүтөрү айтылган. Долбоордун жалпы суммасы 850 миллион долларды түзүп, Кытайдан алынган кредиттин эсебинен курулуп жатат. Курулуш жүрүп жаткан маалда долбоор өзгөрүүлөргө туш болду. Мисалы, тоннель болот деген айрым жерлерге эстакадалык көпүрө салынууда. Башта айтылгандай 850 миллион долларга эмес, андан көбүрөөк, 1 миллиард долларга чукул акча жумшалары да белгилүү болду. 2016-жылы долбоордун 1-фазасына эле 3 өзгөртүү кирип, ага кошумча 56 миллион доллар керектелери айтылган.

Мурдагы транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун сөзүнө таянсак, азыркы тапта аталган жолдун курулушу бүтө жаздап калышы керек эле. Транспорт жана жолдор министрлигинин быйыл жайында берген маалыматында трассанын курулуп бүтүү мөөнөтү дагы 3 жылга, 2020-жылга жылып кетти. Кыргыз тарап 2022-жылы биротоло өткөрүп алат. Ал эми Кытайдан алынган насыяларды төлөө мөөнөтү 2024-жылы башталат. Азыркыдай ыргакта Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруп бүткүчө карызды төлөөнүн убагы жетип келиши мүмкүн. Өкмөттөн айтылып жаткан маалыматтарга караганда бул трасса аркылуу товар ташыган оор жүк ташуучу унаалар, автобустар акы төлөп жүрүүсү мүмкүн. “Кредитти төлөшүбүз керек”, - дейт бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков. Депутаттар жолдун курулушун тездетүү, кредиттин туура колдонулуп жатканына көзөмөл жүргүзүү, сапатын текшерүү өӊдүү маселелерден мурда ага ысым издөө менен убара...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан