Баткен: Коомдук-саясий абал туруктуу

“Баткен облусунда коомдук-саясий абал туруктуу. Облустун тургундары күндөгүдөй эле тиричилигин улантып жатат. Нааразычылык акциясы, митинг сыяктуу иш-чаралардын болушу тууралуу эч кандай маалымат жок. 31-майдагы окуядан кийин укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат”,- деп билдирди аймактык кабарчыбыз Бегайым Тажыбай кызы. Эске салсак, 31-майда облустун Ак-Сай айылында жүргөн Тажикстандын Ворух анклавынын 2 тургунун Кыргызстандын чек арачылары кармап, бул иш боюнча акт түзгөндөн кийин аларды коё беришкен. Бирок ал экөө өз айылдарына барып, ошол жерде жүргөн 3 кыргыз жаранын сабап коюшкан. Бул окуядан кийин кыргыздар жолду тосуп алышып, көп өтпөй маселе чечилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан