Депутат Кенжебек Бокоевдин кызына кол салгандар табыла элек

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин кызына кол салган белгисиз адамдар дале табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул иш боюнча биздин кызматкерлер иш алып барып жатышат. Кылмышкерлер табыла элек, учурда издөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, 24-ноябрда Бишкек шаарынын 12-кичи районунда депутат Кенжебек Бокоевдин 17 жаштагы кызына белгисиз адамдар кол салышып, бычак менен бутка сайып качып кетишкен.

Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан