Ак менен кара бири-бирине айкалыша жүрөт дегендей, 2017-жылы жалгыз башын эки кылып, үй-бүлө курган атактуулардын саны канчалык көп болгонуна карабай, кыналыша бирге жүргөн түгөйлөрдүн ажырашуулары да кездешпей койгон жок.
Алардын сап башында кызуу талкууну жараткан ырчы жана актриса Гүлнур Асанова менен жолдошу Бактиярдын эки башка жолду тандоосу болгону баарыбызга маалым. Ырчынын айтымында, жубайлардын ажырашуусуна жолдошунун айткан убадаларына турбаганы себеп болгон.
"Ал адам көп убадасын аткара алган жок, андыктан келечегимди аны менен бирге көрө алган жокмун. Азыр ажырашканыма эч өкүнбөйм" деген ал.
Андан соң жакында эле ата статусуна ээ болгон ырчы мырза Дайыр Исмадияров менен жубайы Жанаранын ажырашуусу коомчулук үчүн күтүүсүз болду. Бул боюнча ырчы төмөнкүдөй билдирүү тараткан.
"Буга эч кимдин күнөөсү жок, болгону жубайым экөөбүз келише албадык. Жыйынтыгында экөөбүз тең бактылуу болуу үчүн эки башка жолго түшүүнү туура көрдүк. Бирок балама колдон келген жардамымды аябастан каралашып турам", - деген ырчы.
Ал эми жубайы Жанара "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде "Сахнада күлүп-жайнап абдан шайыр жүргөн Дайыр үйдө таптакыр башка адам экен. Ачуусунун чукулдугу мага оор тийди. Жакшы көргөн адамымдан мындай мамиле күткөн эмес элем. Кээде "мен сага көнө албай жатам, жалгыз сыналгы көрөт элем" деп да айтчу. Аял алгандан кийин аялымды карашым керек, багышым керек деген нерсени түшүнө албады", - деп айткан.
Ошондой эле шоумен Бакыт Байсариев жубайы Наргиза менен ажырашканын ушул жылдын февраль айында ачыкка чыгарып, өзү Алия аттуу бийкечке үйлөнгөнүн билдирген. Биринчи жубайы менен бир кыз, бир уулдуу болгон Байсариев ажырашканы тууралуу буларга токтолгон.
"Балдарымдан баш тартуу деген ой түшүмө да кирген эмес, аларды багам, чоңойтуп бутуна тургузам. Окуусуна, жумушуна, жашоосуна жардам берем. Апасы экөөбүздүн тил табыша албай калганыбызга алардын эч бир күнөөсү жок", - деген ал.
Белгилүү куудул, алып баруучу Гүлжайна Атаканова да ажырашкандардын катарын толуктайт. Анын айтымында, жолдошу үйүнөн башка адамга үйлөнөрүн айтып чыгып кеткен. Кийин кылган кадамын туура эмес деп санап, кечирим сурап келген. Бирок куудул айым аны кечирген эмес.
Ошондой эле "Добулбас" тобунун солисти Эдил Маматовдун бир кезде Мээри Шакулина деген ат менен таанылып калган ырчы жубайы менен ажырашып кеткенине көп болгонуна карабай, быйыл, 2017-жылы коомчулукка жарыяланды. Мээри жолдошу менен эки башка жолду тандоосуна белгилүү ырчы кыз себеп болгонун айтса, Эдил Маматов жубайынын кызганычынын айынан ажырашууга аргасыз болгонун билдирген. Алардын ортосунда 4 бала бар.
"Нарындан жазган салам кат" деген ыр менен эл оозуна алынган 2 баланын апасы Нэна да жалгыз бой энелердин катарын толуктайт. Жолдошу менен ажырашуусунун себеби белгисиз.
"Атасы каржы жактан жардам бербейт, болгону алимент төлөйт. Элге "балдарды көрсөтпөйт" деп айтат экен. Бирок андай эмес. Сагынганда келет окшойт, 2-3 айда бир көрүп кетет", - дейт ырчы.
Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу да жубайы менен ажырашып кеткен. Маалым болгондой, алардын ажырашуусуна кызганыч себеп болгон. Бул тууралуу толук маалымат "Супер-Инфо" гезитинин бүгүнкү, 8-декабрдагы санында жарыяланган.
Ал эми баш кошо элек, бирок "2017-жылдын октябрь айында үйлөнөбүз" деген түгөйлөр Бегимай Бекбоева менен жигити жаңыдан аты таанылып келе жаткан ырчы Эрлан Муратжанов да мамилелери үзүлгөнүн жар салышкан. Бекбоеванын айтымында, мындай чечим түгөйлөрдүн бири-бирине болгон түшүнбөстүктөрүнөн улам келип чыккан.
"Түшүнбөстүктөрдөн улам мамилебизди үздүк. Үйлөнүү тоюбуз октябрда болмок, жылдырууга туура келди. Мындан ары чогуу болобузбу же жокпу - ал бир гана Кудайдын буйругу менен болот", - деген ырчы бул тууралуу.
Ошондой эле жаш ырчылар Аяна Касымова менен Баястан кыз-жигит экенин ачыкка чыгарышпаганы менен, ар дайым чогуу жүрүшкөнүнө бир эмес, бир нече жолу күбө болгондор бар. Тилекке каршы, бул жылдыздуу түгөйлөрдүн да кыз-жигиттик мамилеси узакка созулган жок. Учурда Баястан Зульфия аттуу бийчи кыз менен сүйүү мамилесинде экенин билдирген.
Ал эми бир канча жылдан бери кээде урушуп, кайра жарашып жүргөн жылдыздуу түгөйлөрдүн катарын толуктаган Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жылдын башында кыз-жигит экенин коомчулукка жарыялашса, жакында эле сүйүүлөрүнө чекит коюп, достук мамилени сактап калышканын билдиришкен. Ырчылардын күйөрмандары буга чейин да эки башка жолду тандап, кайра жарашкан кыз-жигит кайрадан эле табышат деген үмүттө.