Бишкекте белгисиз адамдар окуучуларды уурдап жатат деген билдирүүлөр тароодо. Маалыматты милиция тактап жатат

Бишкекте уюшкан топ балдарды уурдап жатат деп WhatsApp аркылуу аудио билдирүү тарап коомчулукту түйшөлтүүдө. Ал билдирүүлөр боюнча тынчсызданган окурмандар бүгүн, 8-декабрда SUPER.KG порталына кайрылышты.

Аталган аудио билдирүүлөрдүн биринде Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы мектептин жанында окуучуну уурдоого аракет кылганда башка адамдар ажыратып калганы айтылат. Дагы биринде ошол эле аймакта башталгыч класстын окуучусун белгисиз адамдар унаасынын багажына салып алып кетишкенин башка окуучулар көрүшкөнү айтылган. Ошондой эле аталган билдирүүлөрдө Бишкекте белгисиз адамдардан турган уюшкан топ окуучуларды уурдап кетип жатышканы кошумчаланган.

Ал эми Бишкек ШИИББинен аталган билдирүүлөр боюнча милиция кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп жатканын кабарлашты.

"Учурда бул билдирүүлөр боюнча Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Мындай окуялар чындап эле болгонбу, болсо кайсы жерде болгон, болбосо бул билдирүүлөрдү кимдер таратып жатат тактоо иштери жүрүүдө", - дейт Бишкек ШИИББи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asil-08
2017-12-08 18:09:59
Кудай сактасын,балдарыбызды кеңири эшикте двордун алдында да ойното албай калдык.Ал эми мектепке айтпай эле коеюн жетелеп алып барып жетелеп алып келип жатабыз, өзүн жөнөтүп коюп жүрөк жарылып кетейин дейт экен, ар нерсени угуп алып.
+5
tular
2017-12-08 19:40:06
Калп! Балдар эмне мал беле, уурдап алып барып сатып жибергидей?! Уурдап кетсе милицияга кайрылат элего ата-энелер! Милициялар болсо уурдалгандыгы тууралуу тактайбыз дегенине караганда калп.
+1
Krai
2017-12-08 20:35:51
Уурдаса багажга салып уурдабаса керек эле жалган экени корунуп турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан