Бишкекте спирт ичимдигин ичип отурган адамдар жаңжалдашып, бири экинчисин бычактап салды

Бүгүн, 8-декабрда SUPER.KG порталына өздүк булактан Бишкек шаарындагы Павлов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде белгисиз 20-25 жаш курактагы адамдын бычакталганы тууралуу маалымат келген.

Бул маалыматты тактоо үчүн Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, алар бул фактынын катталганын тастыктады.

"Окуя түнкү саат 3:00 чамасында Павлов көчөсүндө болгон. Анда 20-25 курактагы адамды таанышы бычак менен бир нече ирет сайып салган. Чырдын келип чыгышы ичкиликтен улам болгондугу айтылат. Ал эми жаракат алган жаранды "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Окуяны териштирүү үчүн милиция кызматкерлери кылмышка шектүү делген жаранды Биринчи Май РИИБине алып кетишкен", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2017-12-08 18:44:25
Ош базар баягы эле.
+1
sharan
2017-12-08 18:45:07
Ичкиликке тыюу салбагандан кийин, тергеп камаштын деле кереги жокко дейм. Ичкенден кийин бычак саймак тургай зордуктапда салат. Аракты сатканга уруксат бергенден кийин, тонуп калды, мас экен авария болуптур деген акмакчылык. Ичкенден кийин баардык нерсени кутсо болот, бир гана жолу тыюу салыш керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан