“Журналисттер” коомдук бирикмеси журналисттер үчүн окуу өткөрөт
"Журналисттер" коомдук бирикмеси 10-14-июнь күндөрү журналисттерге окуу уюштурат. Бул тууралуу аталган бирикменин жетекчиси, журналист Марат Токоев бүгүн, 3-июнда билдирди. Айтымында, Кыргызстанда журналистика жаатында окутууларга муктаждык чоң. “Журналистика жаңы нерсени үйрөнүп, жаңы билим алып, кесиптик деңгээлди жогорулатып турууну талап кылат”,- дейт ал. Окуу эки курстан турат, “Блог алып баруу” боюнча Марат Токоев өзү окутуу өтсө, “Жазганыбыз жакшы окулсун десек” курсун акын, журналист Жыргалбек Касаболотов окутмакчы. Окутуулар акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлмөкчү, 1 курс 300 сом.