Чыныбай Турсунбеков: "Шайлоодо утулган уят эмес, паракорлордун бийликке келип калышы уят"

17-ноябрда ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбеков Нарын шаарындагы Жаштар борборунда 500гө чукул шайлоочулар менен жолугушту. Депутат Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, орчундуу маселелер боюнча маалымат берип, алардын суроолоруна жооп берди. Жолугушууда Нарын районунун тургундары бюджеттин тартыштыгы кандайча чечилерине кызыгышып, пенсиянын өз убагында төлөнүшү тууралуу, "алдыдагы кышта электр жарыгы өчпөйбү?" деген сындуу бир катар карапайым элди түйшөлткөн суроолорун узатышып, тиешелүү жоопторду алышты. Чыныбай Турсунбеков буга чейинки район, шаар элине айтылган убадаларга токтолуп, Нарын дарыясына ГЭСтер курула баштаса, кыргыз-кытай темир жолу Нарындын Ак-Талаа району аркылуу өтөрү пландалып жатканын, анын натыйжасында бир катар маселелер чечиле турганын, анын ичинде облус үчүн жумушчу орундары түзүлөрүн айтты. Жакында боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча: "Биз шайлоонун таза өтүшүнө кызыкдарбыз. Шайлоодон утулган уят эмес, шайлоонун жыйынтыгы менен таза эмес, иштин көзүн билбеген, паракор адамдардын бийликке келип калганы уят",- деди эл өкүлү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан