Интернет булактарына Чубак Жалиловдун мыйзамдуу аялы Гүлнур Жалилованын арызы делип эки барак кагаздын сүрөтү таратылды. Анда арыз "Сезим" кризистик борборуна багытталып жазылганын көрүүгө болот. Бул арыз интернетке кечээ, 8-декабрда тарап, коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда.
Аталган арыздын мазмунунда Гүлнур Жалилова күйөөсү Чубак Жалилов менен чогуу жашагысы келбей турганы, аны балдарына кошуп чычкандын уусун берип өлтүрүп коём деп коркутканы жана тапанчасы бар экени сыяктуу билдирүүлөр камтылган. Ошондой эле акчага муктаждыгы бар экендиги, тийиштүү органдар тарабынан күйөөсүнө чара көрүлүүсүн талап кылганы да жазылган.
Бул маалымат боюнча арыз багытталган "Сезим" кризистик борборуна байланышканыбызда, аталган маалымат алар тарабынан жарыяланбагандыгын билдиришти.
"Кечээ жана бүгүн социалдык тармактарда биздин борборду кардарлардын сырынын жашыруундуулугун сактабай жатат деп күнөөлөгөн маалыматтар тарап жатат. Бул нерсе Чубак Жалиловдун мыйзамдуу аялына байланыштуу окуядан келип чыкты. ЖМКларда жана социалдык тармактарда анын биздин борборго кайрылган арызынын сүрөтү тарап кеткен. Муну бизди таратты деп күнөөлөшүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле аталган билдирүүдө борборго кайрылган жарандар тууралуу маалыматтар жана алардын билдирүү, арыз, кайрылуулары жашыруун сакталары, бул нерсе борбордун бирден бир принциптери болуп саналары кошумчаланат. Бул принциптердин негизинде аталган кризистик борбор жогорудагы арыздын келип түшкөн-түшпөгөндүгүн да ачыктаган жок.
Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан Гүлнур Жалиловадан аларга арыз түшкөнү тууралуу маалымат жок экенин, интернетке тараган арыз тууралуу териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.
Чубак Жалиловдун жактоочусу Акин Токталиев бул арыз тууралуу анын да маалыматы жок экенин айтып, "бул кадамдар чагымчылдык аракеттери болушу мүмкүн" деди.
"Мен Боом капчыгайында мечит салып ошол жакта жүрөм, интернетке тараган арызды окуган жокмун. Бирок эгер чындап эле ошол арызды Чубак Жалиловдун жубайы жазган болсо, аны интернетке чыгарбай түз эле милицияга бармак деп ойлойм. Бул кандайдыр бир чагымчылдык аракеттерге окшоп жатат", - дейт Акин Токталиев.
Эске салсак, буга чейин Чубак Жалилов элден келген суроолорго жооп берип жатып, экинчи аял алганын айткан.
Кийин жактоочусу Чубак Жалиловду 30-ноябрда Казакстанга дарыланууга бара жаткан жеринен чек арада ага издөө жарыяланганын айтып, үйүнө кайтарышканын билдирген. 1-декабрда Бишкек ШИИББи диний ишмерди Ысык-Көлдө ден соолугун чыңдап жүргөн жеринен кармап келишкен. 2-декабрда Бишкек ШИИББинде Чубак Жалилов 6 саат сурак берип, сурактын жүрүшү бийлик өкүлдөрүнө көрсөтүлөт деп баштан аяк видеого тартылганы маалымдалган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.